Menu

"Элдик Банкка" 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө документке кол коюлду

"Элдик Банкка" 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө документке кол коюлду

КРФМ

2026-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) «Элдик Банк» ААКсына 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө документке кол коюшту.

Бул каражаттар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу долбоорлорду каржылоону жакшыртууга, тобокелдиктерди баалоо системасын өнүктүрүүгө жана кардарлар үчүн жаңы финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталат.

Долбоор Климаттык инвестициялык фонддордун Климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча пилоттук программасынын алкагында ишке ашырылат. Анын натыйжасында фермерлердин, ишкерлердин жана айыл чарба ишканаларынын климаттык демилгелерди каржылоого жеткиликтүүлүгү кеңейтилет. Ошондой эле аялдар жетектеген ишканаларды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоор финансылык жана айыл чарба тармактарынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туруктуу өнүгүүгө шарт түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
3044

Окшош жаңылыктар