Menu

МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫ ОРГАНДАРЫНЫН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫ ОРГАНДАРЫНЫН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

КРФМ

 

 

Москва шаарында өткөн Финансылык форумдун алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин финансы органдарынын мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

            Кыргыз Республикасынын атынан Меморандумга кол коюу аземине Финансы министринин орун басары Э.К. Калдыбаев катышты.

Меморандумга төмөнкү беш мамлекеттин Финансы органдары катышты:

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
  • Армения Республикасынын Финансы министрлиги;
  • Беларусь Республикасынын Финансы министрлиги;
  • Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги;
  • Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги.

            Документтин негизги максаты -  көп тараптуу өз ара кызматташууну бекемдѳѳ жана КМШ өлкөлөрүнүн финансы органдарынын арасында тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик коомчулукту түзүү.

Кызматташуу борборунда - бюджеттик реформаларды ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мыкты тажрыйбаларды изилдөө жана киргизүү, анын ичинде бюджетти пландоо жана аткаруу маселелери, ошондой эле бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
568

Окшош жаңылыктар