КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН САУД ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ОРТОСУНДА “МАМЛЕКЕТТИК МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 50 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫ СУММАСЫНДА КРЕДИТТИК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН САУД ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ОРТОСУНДА “МАМЛЕКЕТТИК МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 50 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫ СУММАСЫНДА КРЕДИТТИК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

КРФМ

 

           

       2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Сауд Өнүктүрүү фондунун башкы директору мырза Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри жана анын орун басарлары, Сауд Өнүктүрүү фондунун Генералдык директору жана өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Сауд Арабиясынын Элчиси катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу (2 фаза)” долбоору боюнча       50,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик келишимге кол коюлду.

            Жарандардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап мамлекеттик мектептерди куруу аркылуу социалдык инфраструктураны өнүктүрүү долбоорунун башкы максаты болуп саналат.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектептин курулушу пландалууда. Бул объекттердин сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуу орунга чейин ылайыкталат.

            Тараптар Сауд Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын талкуулап, алардын Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык инфраструктурасын бекемдөөдө маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытындагы келечектүү кызматташтуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирип, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
353

Окшош жаңылыктар