ЭМГЕК АКЫ БУЛ ТУРУКТУУ ЧЫГЫМ. АЛ САЛЫК КИРЕШЕЛЕРИНЕН ГАНА КӨБӨЙТҮЛӨТ

ЭМГЕК АКЫ БУЛ ТУРУКТУУ ЧЫГЫМ. АЛ САЛЫК КИРЕШЕЛЕРИНЕН ГАНА КӨБӨЙТҮЛӨТ

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маалымат.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик секторунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 токтомуна кол коюлуп, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылган. 

Эмгек акыны жогорулатууга төмөнкү этаптарда кошумча 33 миллиард сом каралган:

  • 1-апрелден тарта Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүндөгү кызматкерлердин штаттык саны 275,4 миң бирдик менен, муктаждык 26 млрд сомго жакынды түздү;
  • 2022-жылдын 1-августунан тартып - мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматкерлерге, мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде мамлекеттик аткаруу бийлигинин ведомстволук органдарына караштуу мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер, ошондой эле мамлекеттик кызматты жүзөгө ашыруучу техникалык жана кенже кызматерлери, анын ичинде мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына баш ийген мекемелер, күч блогунун сырттан жалданган жана жарандык персоналы, штаттык саны 58,0 миң бирдик менен, муктаждык 7,0 млрд сомго жакынды түздү.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы No 314 “Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үстөк акы төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тутумунун кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жылдык эмгек акы фондусунун 80 пайызына чейин кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жогорулатуу пландаштырылууда. 

Жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын күч блогу, мамлекеттик органдары менен бирдикте тиешелүү ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча иштерди жүргүздү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4217