Финансы министри А..К.Бакетаевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Финансы министри А..К.Бакетаевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Нооруз майрамы

Урматтуу мекендештер!

        Улуу Рамазан айына туш келген Улустун улуу күнү- Нооруз майрамы менен Финансы министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктайм! 

       Нооруз – жаңы жылдын, кайра жаралуунун жана жаркын келечекке болгон үмүттүн символу. Бул күн биз үчүн эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия жана дүйнө элдери үчүн чоң мааниге ээ. Көп кылымдар бою Нооруз жаңы ачылыштарга, тынчтыкка, ынтымакка жана гүлдөгөн жашоого жол ачкан майрам болуп келген.
     Биздин өлкө үчүн Нооруз – бул жаратылыштын кайра жанданган учуру гана эмес, элибиздин биримдигин, улуттук баалууулктарын жана келечектеги ийгиликтерге болгон ишенимин бекемдеген күн. 
     Акыркы жылдары өлкөнүн экономикасынын  туруктуу өнүгүшү жолго коюлуп келатканына кубанбай коё албайбыз.  Өлкө башчыбыздын колдоосу жана демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан финансылык реформалар өз натыйжасын берип казынабыз дефицит деген кеселден арылып, профицитке чыгып жатканы зор жетишкендигибиз. 
      Өз кезегинде коомдук социалдык абалды көтөрүүгө, жаратылышты көрктөндүрүүгө, ички, тышкы байланышты чыңдоого, инфрастуктураны өнүктүрүүгө, дени сак улут, билимдүү коомдуу өстүрүүгө, куралдуу күчтөрдү бекемдөөгө,   элибиздин бай маданияты, каада-салттары жана тарыхын байытууга жумшалып жаткан каржыларды тариздеп, эсебин жүргүзүп берүү милдетин Финансы министрлигиин кызматкерлерине жүктөлгөн.  Финансылык реформаларды максатына жеткирүүдө мекенчилдик, ишине берилгендик менен аткарган иштерибиздин натыйжасы бүгүнкү ийгиликтерибиз деп билем. 

     Кадырлуу журтум, кесиптештерим! Күн менен түн теңелген улуу Нооруз майрамында Жараткандан сураганган бардык тилектерибизди кабыл кылган болсун! Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, өлкөбүздүн зоболосу бийиктеп, эгемендиктин желеги желбирей берсин! Ар бириңиздерге бакты-таалай, мол ырыскы жана финансылык жетишкендиктерди каалайм.
Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын 
Финансы министри 
А.К.Бакетаев

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3047

Окшош жаңылыктар