Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИЛГИНЕ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 20 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИЛГИНЕ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 20 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

КРФМ

2025-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрилгине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын административдик имаратынын аймагында аталган кызматтын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлеринин кесиптик  майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
         
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Кубатович Асангулов ачып, өз сөзүндө Кызматтын акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттери тууралуу белгилеп өттү. Айрыкча Кызмат тарабынан ишке ашырылып жаткан мекемелер аралык жана эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Амангелдиев Данияр Джолдошевич Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамаатын  20 жылдык майрамы менен куттуктоо сөзүндө: “Финансылык чалгындоо - өзгөрүүлөрдүн жана чоң масштабдагы реформалар мезгилинде түзүлгөн мамлекеттик жаш органдардын бири. Ошого карабастан, ал өлкөнүн экономикасы менен финансылык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролго ээ. Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү - кылмыштуулуктун жолуна олуттуу бөгөт болуп саналат жана ушул багытта Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгү жогорку баага татыктуу” экендигинин белгиледи.
       Салтанаттуу иш-чаранын ардактуу коногу катары Кызматтын түзүлүшү менен өнүгүүсүнө салым кошкон М.А. Садыров жана Б.А. Садыков, Эл аралык өнөктөштөр - Евразиялык Тобунун Катчылыгынын өкүлү   С.А.Смоляр, Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматтын директорунун орун басары (Росфинмониторинг) Г.Ю. Негляд, Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борборунун башкы директору  И.А.Уваров, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фольклер Фробарт, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы А.М. Селезнев, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Улуттук банкынын өкүлдөрү куттуктоолор менен чыгып сүйлөштү.
     
Кызматтын акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктери, ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү баса белгиленди.
          Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөө улуттук кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасынын жетилгендигин жана чыңдалышын айгинелеген маанилүү этап болуп калды. Финансылык чалгындоо органдары өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылууда улуттук жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
595

Окшош жаңылыктар