Menu
Тренддер
Финансы министрлигинин 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоору жөнүндө сунушу
2023-ЖЫЛГА НЕГИЗГИ ЧЫГЫМДАР БОЮНЧА МААЛЫМАТ
2023-жылы энергосекторду 10,8 млрд.сомго капиталдаштыруу пландалууда. Мында 2024-жылы 55,8 млрд.сомго, ал эми 2025-жылы 57,1 млрд. сомго капиталдаштыруу пландалууда. Бул өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле эки мамлекеттик банктын уставдык капиталын 3,0 млрд.сомго – ар бир банкка 1,5 млрд. сомдон көбөйтүү пландалууда.
2023-жылы Камбар-Ата ГЭСинин курулушу улантылат, бюджеттен 816,7 млн.сом бөлүнөт.
“Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Баткен шаарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга 500 млн.сом бөлүнөт.
Ипотекалык кредиттөөнү улантуунун алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна 1,0 млрд.сом каралган.
Туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн 1,0 млрд.сом бөлүнөт.