Menu
Тренддер
2023-жылдын апрелинен баштап «Кошумча нарк чынжырларын Агро финансылоо» долбоору иштей баштады. Бул долбоорду Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы жана Германия Өнүктүрүү Банкы (KfW) каржылашат.
Бул долбоор Кыргызстандагы айыл чарбалык кошумча нарк чынжырларын б.а. талаадан (фермадан) колдонуучуга чейин айыл чарба продукциясын өндүрүп, кайра иштетүүнү жакшыртууга жана продукциясынын сапатын жогорулатууга, жана лабораториялардын потенциалын күчөтүүгө багытталган. Бул максатка жетүү үчүн айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө жакшы натыйжа берген жаңы ыкмаларды колдонгон микро, чакан жана орто агробизнеске ар түрдүү колдоо көрсөтүлүп жана узак мөөнөттүү насыялар берилет.
- Айыл чарбасында жаңы ыкмаларды өздөштүргөнгө, болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонгонго жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды төмөндөтүүгө, жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүү.
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн, сактоонун жана сатуу боюнча эл аралык сапат стандарттарын киргизүүдө ишканаларды колдоо жана анын натыйжасында Кыргызстанда өстүрүлгөн же өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдоо көрсөтүү.
- Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тамак-ашты текшерүү параметрлерин аккредитациялоо чөйрөсүн кеңейтүү үчүн Долбоор аркылуу мамлекеттик лабораторияларды колдоо
- Бул максаттар үчүн улуттук валютада узак мөөнөттүү кредиттик ресурстарды берүү менен айыл чарба өндүрүшүнүн кошумча чынжырчаларын бекемдөөнү жана фермерлерди бул чынжырларга интеграциялоону колдоо.
Мындан сырткары, долбоордун алкагында техникалык көмөк көрсөтүү каралган. Ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана керектөөчүлөргө жеткирүү менен алектенген микро, чакан жана орто ишканаларга, ошондой эле аларга ар түрдүү кызматтарды көрсөткөн ишканаларга насыяларды берүү мүмкүнчүлүгү караштырылат.
Насыя берүүгө жалпысынан 31 млн евро бөлүнгөн. Бул каражаттарды Европа Инвестициялык Банкы жана Германия Өнүктүрүү Банкы (KfW) беришет. Насыялар сом менен 3 жылдан ашык мөөнөткө берилет. Ошондой эле жүгүртүү капиталына да насыялар берилет.
Ал эми насыя алуу жолдорун жакшы билбеген же насыя алганга тийиштүү шарттары жок чакан жана орто ишканалар долбоордун алкагында насыя алуу мүмкүнчүлүктрүн жакшырта алышат.
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Айыл чарба министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта Германиянын GOPA AFC консалтинг компаниясы ишке ашырып келет. GOPA AFC Германиялык компаниясынын айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу эл аралык тажрыйбасы бар.
«Кошумча нарк чынжырларын Агро финансылоо» долбоору тууралуу толук маалымат социалдык тармактардагы медиа каналдарда жарыяланат, ага төмөнкү QR кодду сканерлөө аркылуу же шилтеме аркылуу кирүүгө болот: