Menu
Тренддер
“МЧОИни өзгөчө колдоо” долбоору
2022-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен консультациялык-билим берүү программасы болуп өттү. Бул иш-чарага директор Б.Ш.Мусакожоева башында турган КЛББнын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү чакырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө “МЧОИни шашылыш колдоо” долбоору жана долбоордун компоненттеринин деталдары презентацияланды. Презентациянын учурунда Б.Мусакожоева долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана кайтарымдуу финансылык жардамдын жаңыланган шарттары жөнүндө маалымат берди, анын ичинде:
• категориялар боюнча бир карыз алуучуга сумманы 1 млн сомго жана 3 млн сомго чейин көбөйтүү;
• колдонуу мөөнөтүн 36 айга чейин көбөйтүү;
• инвестициялык каржылоо максаттуу чыгымдардын жаңы багыты катары кошулду;
• ишкердин активдүү иши боюнча критерий 6 айга чейин азайтылды;
• кредит берүүнүн талаптарына ылайык болгондо жаңы лимиттердин чегинде иштеп жаткан карыз алуучулар үчүн кошумча каржылоо алуу мүмкүнчүлүгү;
• 3 айга чейин жеңилдиктүү мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү.
Презентация аяктагандан кийин ишкерлер тарабынан кайтарылуучу финансылык жардамга тиешелүү суроолор берилди. Катышуучуларды катышуучу банктардан ВФПны алуу жол-жобосу, карызды камсыздоонун деталдары, укуктуулук критерийлери жана башкалар кызыктырды, аларга тиешелүү жооптор берилди.
Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары андан ары өз ара аракеттенүү үчүн байланыш маалыматтары менен алмашты.
Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын колдоосу менен жеке жана финансылык секторду шашылыш колдоо долбоору ишке ашырылууда. Долбоор кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылайт. Аталган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү коммерциялык банктар менен макулдашууларга кол коюлган:
- «Айыл Банк» ААК
- «Керемет Банк» ААК
- «РСК Банк» ААК
- «Азия Банк» ЖАК
- «Финанскредит Банк» ААК
- «Кыргызстан КБ» ААК
- «Борбордук Азия Капитал Банкы» ААК
- « Кыргызстан Халык Банкы» ААК
- «Дос-Кредобанк» ААК
- «Кыргызкоммерцбанк» ААК
- «Бакай Банк» ААК
- «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК
4 сүрөттөр
2.96MB