“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУ

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУ

Тапшырманын аталышы: «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун 2-компонентинин алкагында байланыш стратегиясын жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча консультант

 

            Шилтеме № (Сатып алуулар планына ылайык): AQIP-IC-2.2/4

            Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жумшоого ниеттенүүдө. 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Министрлик) ушул Долбоордун "Жылуулуктун таза технологияларын киргизүүгө көмөктөшүү" 2-компонентинин аткаруучу органы болуп саналат.

            Министрлик максаттуу аудиторияны эске алуу менен калк үчүн коммуникация стратегиясын жана иш-чаралардын планын ишке ашырууну камтыган консультациялык кызматтарга («Кызмат көрсөтүүлөр») каражаттын бир бөлүгүн жумшоого ниеттенүүдө. 

            Консультант Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жылытуу секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоочу саясий, институттук жана ченемдик-укуктук чараларды иштеп чыгууга, көмүрдү таза жылытуу системаларына алмаштырууга, ошондой эле ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору, анын ичинде аба-суу жана суу-суу, электр казандары жана сууну күн менен жылытуу сыяктуу экологиялык таза жылытуу жабдууларынын сапатын камсыздоо системаларын эл аралык практиканы эске алуу менен ишке киргизүүгө жардам берүү үчүн жалданат. Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.

                 Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун кайрадан билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.

            Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

  • Журналистика, коомчулук менен байланыш, коммуникация, маркетинг же социалдык илимдер боюнча жогорку билим. Стратегиялык коммуникациялар, санариптик маркетинг же медиа менеджмент боюнча кошумча окутуу же сертификаттоо актив катары каралат;
  •  Эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынган мамлекеттик программалардын же долбоорлордун алкагында коомчулук менен байланыш, коммуникация же массалык маалымат каражаттарында беш жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы, анын ичинде бир жылдан кем эмес маалыматтык же элге билим берүү кампаниялары боюнча иш тажрыйбасы;
  • Дүйнөлүк банк, АБР, ЕБРР же ушул сыяктуу эл аралык каржы институттары тарабынан каржыланган коммуникация стратегияларын, PR кампанияларын же коомдук маалыматтык демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган жок дегенде эки долбоорго катышуу ырасталган;
  •  Долбоорлор же уюмдар үчүн социалдык медиа аянтчаларын түзүү жана башкаруу боюнча далилденген тажрыйба. Ар кандай форматтарга жана максаттуу аудиторияга ылайыкташтырылган макалаларды, социалдык медиа постторун, инфографикаларды жана брошюраларды камтыган жогорку сапаттагы аналитикалык контентти түзүү мүмкүнчүлүгү;
  • Кыргызстандагы медиа ландшафтты терең түшүнүү, улуттук жана аймактык ЖМКлар менен өз ара аракеттенүү, пресс-конференцияларды, брифингдерди жана интервьюларды уюштурууда практикалык тажрыйбага ээ болуу;
  • Командада натыйжалуу иштөө жана мамлекеттик органдар, максаттуу аудитория жана кеңири кызыкдар тараптар менен кызматташуунун далилденген жөндөмдүүлүгү менен күчтүү коммуникация жана аналитикалык көндүмдөр;
  • Кыргыз жана орус тилдерин толук кесиптик билүү (оозеки жана жазуу); англис тилин билүү – артыкчылыктуу болот.

            Кызыкдар Консультанттардын көңүлү Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы Инвестициялык долбоорлорду - товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоонун карыз алуучулар үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына бурулат.

            Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.

            Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөнкү дарек боюнча берилет.

            Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 13-майынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Дарек: КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бул. 58А, 302-кабинет.

Тел: +996 312 666001

E-mail: office@piu.kg

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
496

Окшош жаңылыктар