КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ ДОЛБООРУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ ДОЛБООРУ

Тапшырманын аталышы: Экологиялык таза жылытууга жана кредиттик линияга инвестициялардын артыкчылыктары жөнүндө Бишкек шаарынын калкынын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүү үчүн консалтингдик фирманын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу

 

Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жумшоого ниеттенүүдө. 

Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт: Экологиялык таза жылытууга жана кредиттик линияга инвестициялардын артыкчылыктары жөнүндө Бишкек шаарынын калкынын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык кампанияны өткөрүү; Долбоор тарабынан берилген пайдаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүүнү жакшыртуу аркылуу Бишкектин жана анын артыкчылыктуу аймактарынын коомчулугун колдоону камсыз кылууга багытталган коммуникациялык стратегияны жана аны ишке ашыруу инструменттери менен кадамдык комплекстүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу; коомчулуктун Долбоорго болгон ишенимин калыптандыруу жана долбоордун деталдары жөнүндө реалдуу маалымат берүү аркылуу анын Долбоордон күтүүлөрүн башкаруу. Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Долбоордун “Жылытуу үчүн бир кыйла таза чечимдерди ишке киргизүүнү колдоо” аталышындагы 2-компонентин ишке ашырат.

Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн укуктуу консультациялык компанияларды (“Консультанттарды”) өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар Консультанттар өзүнүн кызыгуусун билдирүүдө бул Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн талап кылынган квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты берүүгө тийиш.

Тандоо үчүн Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

  • региондук камтуу менен коммуникациялар боюнча кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар компания;
  • компания коммуникациялар чөйрөсүндө 3төн кем эмес ийгиликтүү ишке ашырылган (окшош) тапшырмаларды, анын ичинде ар бир берилген долбоор боюнча кардарлардын сунуштама каттарын берүү менен региондордо көрсөтүлгөн кызматтарды берүү тажрыйбасына ээ болууга тийиш;
  • компания эл аралык уюмдар (ДБ, АӨБ, ЕРӨБ ж.б.) менен иштөө тажрыйбасына ээ болууга тийиш.

Кызыкдар Консультанттардын көңүлү Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы Инвестициялык долбоорлорду - товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоонун карыз алуучулар үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына бурулат.

Консультанттар өз квалификациясын жакшыртуу максатында биргелешкен ишкана же субподряд түрүндө башка компаниялар менен кызматташа алат.

Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган консультанттарды квалификациясы боюнча тандоо методуна (CQS) ылайык тандалат.

Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөнкү дарек боюнча берилет.

Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 28-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Дарек: КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бул. 58А, 302-кабинет.

Тел: +996 312 666001

E-mail: office@piu.kg

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
2976

Окшош жаңылыктар