“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ

КРФМ

2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн түзүү 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун, бир катар жылдар үчүн иш жүзүндө түшүүлөрдүн, 2025-жылы кирешелердин түшүүсүн баалоонун базасында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылды.

Жогоруда белгиленгендей, республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 2026-жылы 551 207 156,1 миң сом суммасында же ИДПга карата 26,7% каралууда. Номиналдык туюнтууда республикалык бюджеттин кирешелери 2025-жылдын бекитилген бюджетине карата 28,1%га же 120 962 536,1 миң сомго көбөйөт.

2027–2028-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 593 080 265,4  тыс. сомду жана 641 061 277,3 тыс. сомду түзөт.

2026-жылга республикалык бюджеттин жыйынды чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 550 770 757,7 миң сом деңгээлинде (ИДПнын 26,6%) белгиленди, бул 2025-жылдын бекитилген бюджетинен 144 824 004,8 миң сомго көп.

2027-2028-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда тиешелүү түрдө 552 416 622,5 тыс. сомду жана 589 343 936,0 тыс. сомду түзөт 

2026-жылга республикалык бюджеттин профицити 436 398,4 миң сомду же ИДПнын 0,02%ын түзөт.

2027-2028-жылдарда республикалык бюджеттин профицити тийиштүү түрдө 40 663 642,9 миң сом жана 51 717 341,3 миң сом суммасында пландаштырылууда.

Бюджеттин болжолдонгон профицити экономикалык багыттагы иш-чараларга байланыштуу чыгашаларга жана мамлекеттин милдеттенмелерин жабууга багытталат. Бул иш-чаралар бюджетте каралган.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
561

Окшош жаңылыктар