Menu

Беш коммерциялык банк үчүн айлана жана социалдык чөйрөнү башкаруу боюнча системаны киргизүү боюнча семинарлар өттү

Беш коммерциялык банк үчүн айлана жана социалдык чөйрөнү башкаруу боюнча системаны киргизүү боюнча семинарлар өттү

2023-жылдын 11-14-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кредиттик багытын башкаруу бөлүмүнүн жана “Кепилдик фонду” ААКсынын өкүлдөрү микро, чакан жана орто ишкерликтерге ыкчам колдоо долбоорунун портфелдик тобокелчиликтерди бөлүштүрүү механизмин ишке ашырууга катышкан беш коммерциялык банк үчүн социалдык жана айлана чөйрөнү башкаруу системасын киргизүү боюнча окуу семинар өткөрүштү.

Жалпы катышуучулардын саны 38 адам болду. Семинарга төмөнкү коммерциялык банктар катышты: 
1. ОАО «Бакай Банк» 
2. ОАО «КыргызкомменцБанк»  
3. ЗАО «Банк Азии»  
4. ОАО «РСК Банк»  
5. ОАО «Дос-Кредобанк»  
 
Семинарда социалдык жана айлана чөйрөнү, ошондой эле экологиялык, социалдык тобокелчиликтерди башкаруу методологиясы боюнча кеңири маалымат берилди. Иш чарада портфелдик тобокелчиликтерди бөлүштүрүү механизмин ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарда социалдык жана айлана чөйрөнү башкаруу системасын киргизүүгө, ошондой эле социалдык жана экологиялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча долбоордун алкагындагы бардык суб-долбоорлорду баалоого өзгөчө басым жасалды. 

Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу — бул экологиялык жана социалдык терс таасир берүүнү талдоого, башкарууга жана төмөндөтүүгө мүмкүн болгон процесс жана процедуралардын башкаруучу топтому. Ал ишканаларга адамдардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоону жакшыртууга жол ачкан ийгиликтүүрөк стратегиялык башкарууну ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө шарт түзөт, ошондой эле айлана чөйрөгө терс таасирди төмөндөтөт. 
Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу системасы экономикалык, каржылык, социалдык жана экологиялык абалдын жакшыруусуна алып келиши ыктымал. 
Портфелдик тобокелчиликтерди бөлүштүрүү механизми экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди аз же такыр жок кылган микро, чакан жана орто ишкерликтерге кепилдик берет. 

Тыю салынган жана мыйзамсыз ишкерликтин түрлөрү камтылган, жана тобокелдиктер жогору болгон кредит алуучулар портфелдик тобокелчиликтерди бөлүштүрүү механизми боюнча кепилдик ала алышпайт. 
Презентация бүткөндөн кийин семинардын катышуучулары суроо-жооп форматына өтүп, жаралган суроолорго тийиштүү жооптор берилди.  
Семинардын катышуучулары экология жана социалдык тармакта көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугун белгилеп, бул багытта иштөөгө даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2568