Menu
Тренддер

Финансы министри А.Бакетаевдин Вашингтондо болгон иш сапары
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен биргеликте жыйынына катышты.
Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын экономика тармагын талкуулашты. Катышуучулар көңүлүн Дүйнөлүк банктын эволюциясынын Жол картасына бурушту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасы экономиканы “түз сатуунун” жолу менен стимулдаштыруу керектигин белгиледи.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргыз Республикасында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону жогорулатууда олуттуу жылыш бар экенин белгиледи. Вице-президент билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү багытында бюджеттин өсүшүнүн оң динамикасына токтолду.
Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири санариптик технологияларды адам жашоосунун бардык чөйрөсүнө киргизүү болду. Тараптар санариптик тармакты өнүктүрүүгө кошумча каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


2 сүрөттөр
1.48MB