Menu
Тренддер

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН "МИКРО-ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАРДЫ КОЛДОО" ДОЛБООРУ БОЮНЧА ИШ АЛЫП БАРУУ
КР Финансы министрлиги “Микро, кичи жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун бенефициарынын (Бенефициар - башка жактын пайдалануусу үчүн ишенимге берилген өзүнүн мүлкүнөн киреше алган адам) экологиялык жана социалдык стандарттардын сакталышына мониторинг жүргүздү.
Нарын шаарындагы “Эльзар” эмерек салонунда КРнын мыйзамдарынын, Дүйнөлүк банктын экологиялык жана социалдык стандарттардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Ишкананын ээси Замирбек Үсөнбаев билдиргендей, компания COVID-19 пандемиясынан бир топ мурда ачылып, жалпы Нарын облусунун тургундарын эмерек менен камсыз кылууда. Мониторингдин натыйжалары: • Мониторинг жүргүзүү учурунда кеңседе жана өндүрүштүк цехте 5 кызматкер иштеген. Кызматкерлер менен эмгек келишимдери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн; • кызматкерлерге киришүү, баштапкы жана кайталап коопсуздук техникасы боюнча инструктаждар берилди. Коопсуздук боюнча тренинг журналы бар; • жайлар техникалык жана санитардык параметрлерге жана стандарттарга ылайык келет. Электр зымдары изоляцияланган, өрт өчүрүүчү жабдуулар бар жана эскертүү белгилери коюлган; • экологиялык коопсуздукка таасир этүүчү элементтер аныкталган жок; • жабдуулар (жыгач иштетүүчү машиналар) сертификатталган өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалат. Өндүрүүчүлөрдүн белгилери бар; • өнөр жай калдыктары Нарын шаарындагы уруксат берилген полигонго ташылып чыгарылат. Мониторингдин жыйынтыгы менен ишкерге көргөзмө залынын авариялык чыгуучу жерлерин бошотуу, өндүрүштүк цехтин авариялык чыгуучу жерлерин бошотуу, аптечканы бардык биринчи медициналык каражаттар менен жабдуу сунушталды.