Menu

Эл аралык аянтчада кыргыз-кытай финансылык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Эл аралык аянтчада кыргыз-кытай финансылык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

КРФМ

Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Кытай Эл Республикасынын финансы министри Лань Фоань менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу финансылык-экономикалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын учурдагы төрагалыгын эске алуу менен Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле тиешелүү ведомстволор ортосундагы институттук диалогду өнүктүрүүгө бурулду.

Өзүнчө басым Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга жасалды. Бул долбоор аймактык экономикалык интеграциянын жана транспорттук байланыштарды жакшыртуунун негизги элементи катары каралууда.

Ошондой эле практикалык кызматташууну активдештирүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдык билдирилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында туруктуу экономикалык өнүгүүнү чыңдоого жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана конструктивдүү диалогду улантуу боюнча берилгендик белгиленди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
518

Окшош жаңылыктар