Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

Кыргыз коомчулугу байма-бай талкуулаган тышкы карыз маселеси азыр да көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. Тышкы карызды төлөөдө өлкөнүн экономикасы солгундабай элеби? Суроолорубузга президент Садыр Жапаров жооп берип, соңку учурга карата Кыргызстан тышкы карызга канча каражат төлөгөнүн айтып берди.

— Саламатсызбы, сиз бийликке келген алгачкы жылдары мамлекеттин тышкы карызын 5 жылдын ичинде төлөп койсо болорун айттыңыз эле. Учурда төлөп коюуга мамлекеттин кубаты жетерин белгилеп жатасыздар, эмнеге төлөбөй жатасыздар?

— Саламатчылык. 2023-жылдын 31-мартына карата мамлекетибиздин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түздү. Ооба, азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат.

Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык.

Мисалы, тышкы карыз 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.

2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган.

Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз.

Карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70%дан ашпоосу керек деп белгиленген. Бизде, ИДПдан ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133%га көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен, мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53%га төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт.

— Мурда Кыргызстан тыштан карыз алса анын көбүн бюджеттин танкыстыгын жабууга коротчу. Азыр тыштан карыз алынып жатабы? Алынган болсо аны кайсыл багыттарга жумшап жатасыздар?

— Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшап жатабыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, мамлекеттин бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү.

Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат.

Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген. Азыр экономикабыз кубаттуу болуп калды, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат деп болжоп жатабыз.

ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2022-жылы 7% болуп, эң жакшы көрсөткүчкө жетти. Ошондуктан, тышкы карызды төлөө маселеси көйгөй эмес. Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан, тышкы карызды улам көтөрүп, паника кылып, талкуулабай эле койсоңуздар болот.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Түзүлгөн

-
2332