Menu

Айыл чарбасы «Чакан жана орто бизнеске ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоорун алкагында түз каржыланбайт

Айыл чарбасы «Чакан жана орто бизнеске ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоорун алкагында түз каржыланбайт

Бирок, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле айыл жерлериндеги бизнес (дүкөндөр, конок үйлөр, туризм ж.б.) үчүн мамлекеттен пайызсыз насыя алууга болот.

Натыйжалуу каржылоо максатында айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган башка мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды кайталабоо чечими кабыл алынды. Төмөндө бул долбоорлордун кыскача баяндамасы.
___
✅ Бүгүнкү күндө КР Финансы министрлигинин “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору ишке ашырылууда.
⭕️ Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2022-2026-жж.
⭕️ Донор: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк)
⭕️ 3-компоненттин долбоорунун бюджети: 9 600 000 миллион АКШ доллары (бир бенефициар үчүн 3 жылга чейинки мөөнөт менен 1 500 АКШ доллары).

Толук маалыматты КР Финансы министрлигинин расмий сайтынан ала аласыз: www.minfin.kg
__
✅ Мындан тышкары, “Айыл чарбасын каржылоо – 11” мамлекеттик долбоору ишке ашырылууда.
⭕️ Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай.
⭕️ Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана коммерциялык банктардын каражаттары.
⭕️ Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылдын февраль айында башталган.
⭕️ Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, "Айыл-Банк" ачык акционердик коому, "РСК Банк" ачык акционердик коому (о.э. коммерциялык банктар).

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2683