Menu

“Контракты банктык коштоо сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөгө Ош шаарында семинар өткөрүлдү

“Контракты банктык коштоо сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөгө Ош шаарында семинар өткөрүлдү

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контракты банктык коштоо сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөгө Ош шаарында өткөрүлгөн семинар тууралуу маалымат

КР Финансы министрлиги бүгүнкү күндө республика боюнча андан ары толук масштабдуу жүзөгө ашыруу үчүн пилоттук режимде «Контрактты банктык коштоо» долбоорун ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.
Бул долбоорду ишке ашыруу жана кызыкдар тараптарды окутуу алкагында берүүчүлөргө, сатып алуучу уюмдарга жана КР Финансы министрлигинин бардык Аймактык башкармалыктары үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракты банктык коштоону колдонуу менен сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби” темасында кезектеги окутуу семинары Ош шаарында (Ош, Джалал-Абад жана Баткен облустарын камтыды) болуп өттү. Катышуучуларды максималдуу камтуу максатында, семинар онлайн режиминде өткөрүлүп, Zoom – проприетардык видеоконференция уюштуруу программасы аркылуу онлайн байланыш уюштурулду.

Бул семинарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өнөктөшү – «Газпромбанк» АКсы (Москва шаары, РФ) өткөрдү.

Окутуу семинардын жүрүшүндө «Газпромбанк» АКнын (Москва шаары, РФ) өкүлдөрү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө “Контракты банктык коштоонун” төмөнкү бөлүмдөрү боюнча презентация жасашты:
- тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылар;
- катышуучулар;
- өз ара аракеттенүү схемасы;
- этаптар жана башкалар.
Семинарга 70 ашык берүүчүлөр, КР Финансы министрлигинин түзүмдүк жана Аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн 50 ашуун өкүлдөрү катышты.
Аталган онлайн семинардын соңунда «Газпромбанк» АКнын өкүлдөрү менен  катышуучулар суроо-жооп сессиясына активдүү катышты. Бул семинардын катышуучулары «Контракты банктык коштоо» продуктуну ишке ашыруудан келип чыккан суроолорго толук жоопторду алышты.
Кезектеги окутуу семинарын 2023-жылдын 12-июлунда өткөзүү пландалууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2329