Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Карызды тейлөөнү токтотуу (DSSI) демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Япония Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жооп нотасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик тышкы 692.156.783 иен суммасындагы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койду.

Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду G20 өлкөлөрүн Карызды тейлөөнү токтотуу демилгесин иштеп чыгууга чакырды.

Бул түзүмдүн максаты - COVID-19га жооп катары каржылык жүктү азайтуу. Япония өкмөтү түздөн-түз же эл аралык уюмдар аркылуу Кыргыз Республикасына пандемия менен күрөшүүдө жардам көрсөттү. 

Маалымат үчүн: DSSI өлкөлөргө ресурстарын пандемия менен күрөшүүгө жана миллиондогон эң аялуу адамдардын өмүрүн жана тиричилигин коргоого багыттоого жардам берет. Демилге 2020-жылдын 1-майынан тартып күчүнө киргенден бери 40тан ашуун өлкөгө 5 миллиард доллардан ашык жардам берген. 
 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2559