Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык жана Кредиттик макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык жана Кредиттик макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү

Бүгүн 2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана Европа Союзунун комиссары Йозеф Сикеланын катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда “Чүй облусунда сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” жана “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо транш-2” долбоорлору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

 

Кыргыз тараптан Гранттык жана Кредиттик макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Финансы министри - Алмаз Кушбекович Бакетаев, Европа тараптан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча башкаруучу директору - Хусейн Озхан кол коюшту.

Бул макулдашуулардын алкагында Европа Бирлиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан 19,63 млн еврого жалпы суммасында гранттык каражаттар акысыз берилет, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 42,16 млн еврого жалпы суммасында кредиттик каражаттар берилет.

Бул долбоорлордун алкагында ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана анын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш, модернизациялоо жана реабилитациялык иштердин комплексин аткаруу пландаштырылууда. Бул долбоорлордун максаттары жана милдеттери ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана анын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш, модернизациялоо жана реабилитациялоо иштеринин комплексин аткаруу болуп саналат.

Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында жайгашкан ирригациялык объекттерди реабилитациялоого болгон муктаждыгын канааттандырат.

Долбоорлорлордун алкагында өлкөнүн жогоруда аталган региондорунун
социалдык-экономикалык абалына оң мультипликативдик натыйжа бере турган ирригациялык каналдардын абалын жакшыртуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жана сууну туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоого өбөлгө түзүлөт.

Бул долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында айыл региондорунун, атап айтканда Жалал-Абад жана Нарын облустарынын сугат жерлеринде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенген фермерлери жана дыйкандары долбоорду ишке ашыруунун жогоруда көрсөтүлгөн зоналарында жалпысынан 9 260 гектарга жакын аянттагы кошумча суу менен камсыз болушат, ошондой эле Чүй облусундагы Чоң Чүй каналынын ирригациялык схемасын реабилитациялоо боюнча иштер аткарылышы болжолдонууда.

Долбоорлордун аткаруучу агенттиги болуп - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы эсептелет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3093

Окшош жаңылыктар