КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВ ЕЭКтин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВ ЕЭКтин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2024-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаев Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри - Коллегия мүчөсү - М.Л.Ермолович жетектеген ЕЭКтин өкүлдөрү менен жолугушту.

 

​     Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү статистикалык отчеттуулук жөнүндө маалымат алмашуу, мамлекеттик сатып алуулар тутумун санариптештирүү маселелери талкууланды.

​     Тараптар ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн, ЕАЭБ мамлекеттеринин мүчөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана мамлекеттик сатып алууларга катышууну кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл экендигин белгилешти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
811

Окшош жаңылыктар