Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР СИСТЕМАСЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ ЖОЛДОРУН ТАЛКУУЛАШТЫ
КРФМ
Вашингтон шаарында финансы министринин орун басары Улугбек Календеровдун Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия (ЕББ) аймагы боюнча сатып алуулар практикасынын жетекчиси Фелипе Гойя мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга КР Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын торагасы Куандык Джусупбаев, Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директору Эрке Турдумамбетова, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Омурбек Сабиров, ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышышты.
Тараптар Дүйнөлүк банктын бюджеттик колдоосунун алкагында, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Кызматташуунун негизги багыттарынын арасында төмөнкүлөр белгиленди:
- түздөн-түз келишим түзүү ыкмаларын колдонууну кыскартуу;
- сунуштарды баалоодо жана жашоо циклинин наркын эсептөөдө баллдык механизмди киргизүү;
- аналитикалык модулу жана мониторинг жүргүзүү панели бар электрондук сатып алуулар үчүн “бирдиктүү терезе” тутумун өнүктүрүү;
- даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө сый акы төлөө боюнча расмий структураны түзүү.
Жолугушуунун катышуучулары “Сатып алууларды трансформациялоо: сатып алууларды пландоо натыйжалуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн ачкычы катары” темасындагы жыл сайын өтүүчү Сегизинчи ачык эл аралык форумду өткөрүүгө дагы талкууланды.
Өз кезегинде, Фелипе Гойя мырза Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы менен сатып алуу процесстерин өркүндөтүү жана экономикалык туруктуулукту чыңдоо максатында, кызматташууну улантууга даяр экендигин белгилеп айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.
2 сүрөттөр
0.00MB