ДҮЙНӨНҮН 40 ӨЛКӨСҮНӨН 600ДӨН АШУУН КАТЫШУУЧУНУ БИРИКТИРГЕН ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЮБИЛЕЙЛИК V ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ФИНАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

ДҮЙНӨНҮН 40 ӨЛКӨСҮНӨН 600ДӨН АШУУН КАТЫШУУЧУНУ БИРИКТИРГЕН ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЮБИЛЕЙЛИК V ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ФИНАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

Россия Федерациясынын Красноярск шаарында дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 600дөн ашуун катышуучуну бириктирген финансылык коопсуздук боюнча юбилейлик V Эл аралык олимпиадасынын финалы болуп өттү.

Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада жаштардын финансылык коопсуздук жаатындагы билимин жогорулатуу, экономикалык кылмыштардын алдын алуу жана акчаны адалдоого каршы туруу максатында жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат. Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар — Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызмат, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү/Терроризмди каржылоо жаатындагы Эл аралык тармактык институттун курамына кирген билим берүү уюмдары.

 Олимпиада экономика, маалыматтык коопсуздук, укук жана эл аралык мамилелер багыттары боюнча катышуучуларды бириктирип, финансылык системаларды коргоо жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча келечектеги адистерди даярдайт. Бул жөн гана мелдеш эмес, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтык үчүн аянтча.

Юбилейлик Олимпиаданын катышуучуларына Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоо жолдоду:

«Бул олимпиада Красноярск шаарында, Сибирь федералдык университетинин аймагында КМШ, БРИКС, ШКУ жана башка көптөгөн мамлекеттерден келген алты жүзгө жакын окуучуларды жана студенттерди бириктирди.

Сиздердин көңүл борборуңузда салттуу түрдө заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, финансылык чөйрөдөгү кылмыштардын алдын алуу, жарандардын маалыматтык, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы технологияларды колдонуу маселелери турат».

Росфинмониторингтин директору Юрий Чиханчин Олимпиаданын финансылык коопсуздук жаатындагы келечектеги адистердин коомчулугун түзүүчү аянтча катары маанисин белгиледи:

«Финансылык коопсуздук жаатындагы коркунучтар, алардын ичинде трансулуттук кылмыштуулук, киберкылмыштуулук, терроризм, дропперлик жана башкалар эл аралык мүнөзгө ээ жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун координацияланган аракеттерин талап кылат. Биздин олимпиада да ушундайча жаралган – мындан 5 жыл мурда. Анда 7 өлкө катышкан, жыл сайын географиясы кеңейип, бүгүнкү күндө 40 мамлекетке жетти».

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Кубатович Асангулов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү:

«Олимпиада – бул жөн гана интеллектуалдык мелдеш эмес. Бул илим менен практика жолугушкан, профессионалдардын тажрыйбасы жаштардын энергиясы менен айкалышкан мейкиндик. Бул жерде эртең финансылык кылмыштуулукка каршы күрөштүн алдыңкы сабында турган, инновациялык чечимдерди иштеп чыгуучу жана финансылык системалардын туруктуулугун коргоочу адистердин жаңы мууну калыптанат».

Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык Олимпиада — бул финансылык сабаттуулук маданиятын калыптандырууга, финансылык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө компетенцияларды өнүктүрүүгө жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого (ККЛ/ТК) каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган масштабдуу билим берүү платформасы.

Бул жылы финалга КМШ, Азия, Европа, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Программа теориялык тапшырмаларды, кейс-чемпионаттарды, тегерек столдорду, панелдик талкууларды жана практикалык тренингдерди камтыды. Кыргыз Республикасынан Олимпиадага Финансылык коопсуздук боюнча IV Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү – төмөнкү университеттердин студенттери катышты: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети. Ошондой эле, бул жылы биринчи жолу Кыргыз Республикасы бул Олимпиадага катышуу үчүн борбор калаанын 4 окуучусун жөнөттү. Окуучулар Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн Финансылык коопсуздук боюнча Республикалык олимпиаданын пилоттук долбоорунун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Кыргыз Республикасын Олимпиадада экономика, укук, киберкоопсуздук жана финансылык тобокелдиктерди талдоо жаатында жогорку деңгээлдеги билимди көрсөткөн таланттуу студенттер көрсөттү. Алар жыл сайын өткөрүлүүчү Финансылык коопсуздук боюнча IV Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын 3 өкүлү төмөнкү номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

1. Эл аралык мамилелер – Жумаков Азим;

2. Экономикалык коопсуздук – Алиса Семенова;

3. Маалыматтык коопсуздук – Кошевой Дмитрий.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын №1 мектебинин окуучусу Байсалов Руслан КМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын арасында 1-орунду ээлеп, эстеликке ноутбук менен сыйланды. Олимпиадалык жумалыктын алкагында окуучулар ар кандай иш-чараларга, панелдик талкууларга жана мастер-класстарга катышышты. Мисалы, окуучулар Россия Федерациясынын мамлекеттик ишмери П.А.Астахов менен жолугушуп, Россия Федерациясынын алдыңкы университеттеринин жана Олимпиаданын индустриалдык өнөктөштөрүнүн мастер-класстарынын алкагында каржылык коопсуздук жаатындагы билимдерин көрсөтүштү, спорттук мелдештерде жана "Олимпиада в красках" фестивалында ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен таанышышты, ошондой эле шахмат боюнча фиджитал-турнирде жеңишке жетишти. Байсалов Руслан жана Ильясов Нуралим Россия Федерациясынан келген гроссмейстер Сергей Карякин менен финалда ойношту. Олимпиадага катышууга даярдануу үчүн Кыргыз Республикасынын окуучулары  коопсуздук боюнча эл аралык жайкы мектептин базасында даярдыктан өтүштү. Иш-чара Сибирь федералдык университетинин (СФУ) базасында болуп өттү жана Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 56 окуучуну бириктирди. Мектептин негизги максаты каржылык, экономикалык жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы катышуучулардын билимдерин тереңдетүүгө жана комплекстүү дисциплиналар аралык окутууга багытталган уникалдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү болду.

Кыргыз Республикасынын окуучуларынын Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиаданын иш-чараларына катышуусу Кыргыз Республикасынын калкын каржылык коопсуздук, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз иштерге тартылуу коркунучтары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы финансылык коопсуздук жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого (ККЛ/ТК) чөйрөсүндө кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдойт. Ошол эле учурда, статистикага ылайык, финансылык коопсуздук боюнча Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн жарымынан көбү өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн өлкөнүн кадрдык потенциалын түзүү менен, ККЛ/ТК улуттук системасында улантып жатышканын белгилейбиз. Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын алкагында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) жана ФЧМКнын Окуу борборунун өкүлдөрү Мадагаскар Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмүнүн башкы директору Мамитиана Ражаонарисон мырза менен жолугушуу өткөргөнүн өзүнчө белгилей кетүү керек. Эки тараптуу жолугушуунун күн тартибинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу, айрыкча билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселеси турган. Мадагаскардын финансылык чалгындоо бөлүмү кылмыштуу кирешелерди  адалдоого каршы аракеттенүү жана терроризмди каржылоо боюнча улуттук система үчүн кадрларды даярдоо системасын куруу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. ФЧМК Окуу борбору кесиптештерди Кыргыз Республикасында учурда иштеп жаткан кадрларды даярдоо системасы менен тааныштырды. Мадагаскардын өкүлдөрү Окуу борборунун университеттерде финансылык коопсуздук боюнча даярдоо багыттарын ачуу, ошондой эле мындай ишмердүүлүктү координациялоо боюнча тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар болушту. Жолугушуунун жыйынтыгында финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана финансылык коопсуздук жаатындагы билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди. Келишимдерге Эгмонт тобунун жакынкы иш-чараларынын алкагында кол коюу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
362

Окшош жаңылыктар