Menu

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ
КРФМ
2024-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Суйналиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Жолугушууга Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин киреше боюнча аймактык кеңешчиси Доминик О ' Коннел да катышты.
Николас Боулер белгилегендей, Кыргызстанды экономикалык өнүктүрүү жана экономиканын өсүшү Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты сапаттуу трансформациялоого өтүүгө өбөлгө түздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар салык жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар активдүү кызматташууга жана эки өлкөнүн кызыкчылыгында диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.



3 сүрөттөр
0.00MB