Menu
Тренддер
2022-ЖЫЛЫ USAIDдин «ИЙГИЛИКТҮҮ АЙМАК 2» ДОЛБООРУ МЕНЕН КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТТАШУУСУ
Кыргыз Республикасында бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди берүү мүмкүнчүлүгү Бюджеттик кодекстин 55-беренесинде бекитилген.
Бирок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) муниципалитеттер аралык биргелешкен жабдууларды алуу, оңдоо иштери жана башка ушул сыяктуу демилгелери боюнча практикасы республикалык деңгээлде отчеттуулукту түзүүдө пайда болгон бухгалтердик эсептин көйгөйлөрүн аныктады.
Маселени иликтөөдө бул финансылык операцияны кеңири түшүндүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн дагы, ыйгарым укуктуу органдын адистери үчүн дагы зарыл экени белгилүү болду.
Буга байланыштуу КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык байланыштар башкармалыгы жергиликтүү бюджеттерде максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча колдонмону иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбооруна кайрылган.
Көз карандысыз экспертти тартуу менен жергиликтүү бюджеттин деңгээлинде трансферттерди берүү механизми такталып, Методикалык колдонмо – максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү/кабыл алуу боюнча этап-этабы менен түшүндүрмөлөр иштелип чыккан.
2022-жылдын 29-июнунда Долбоордун Координациялык Кеңешинде биринчи жолу Колдонмолордун биринчи долбоору эксперттик коомчулукка жана донордук уюмдарга сунушталды.
Жыйынтыгында документ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 24-августундагы № 127- Буйругу менен “Бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган.