Menu

ЕБРР менен кызматташтык: транспорт, суу инфраструктурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

ЕБРР менен кызматташтык: транспорт, суу инфраструктурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

КРФМ

2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамованын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЕБРРдин ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕБРРдин ортосундагы Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү жана Орловка шаарынын, Түп, Сузак жана Кочкор райондорунун суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

Финансы министри өлкөдө социалдык маанидеги жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ЕБРРге ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы  кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөө максатында өз ара кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
943

Окшош жаңылыктар