Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШТЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери республикалык ишембиликке жигердүү катышышты.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан министрликтин 55 кызматкери катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тазалоо иштери Жибек Жолу жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Жаштар сейил багынын аймагында өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мындан ары да коомдук пайдалуу демилгелерге активдүү катышып, өлкөнүн тазалыгын жана көрктүүлүгүн сактоого өз салымын кошууну улантат.
Тиркелген файлдар