КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДҮЙШӨМБҮЛҮККӨ КАТЫШТЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДҮЙШӨМБҮЛҮККӨ КАТЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жалпы кызматкерлери «Жашыл Мурас» Улуттук компаниясынын  Чуңкурчак капчыгайында көчөт отургузууга багытталган масштабдуу коомдук иш күнүнө катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жылы Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулуктун жылы» деп жарыялоо жөнүндөгу  жарлыгын ишке ашыруу максатында Финансы министрлигинин кызматкерлери 300дөн ашуун “Тань-Шань карагайын отургузушту. “Жашыл Мурас” Улуттук компаниясы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, экологияны жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо максатында түзүлгөн.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2452