КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КИБЕРКООПСУЗДУКТУН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТРЕНИНГКЕ КАТЫШЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КИБЕРКООПСУЗДУКТУН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТРЕНИНГКЕ КАТЫШЫШТЫ

КРФМ

 

Технология жашоонун бардык чөйрөлөрүн камтыган заманбап шарттарда киберкоопсуздук маселелери өзгөчө актуалдуу болуп баратат. Күн сайын жаңы кибер коркунучтар жана кибералдамчылык схемалар пайда болуп, санариптик сабаттуулукту жогорулатууну жана кибергигиена көндүмдөрүн өркүндөтүүнү талап кылат.

Мамлекеттик кызматкерлердин киберкоопсуздуктун негизги аспектилери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен биргеликте окутуу семинарын уюштурду.

2025-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери үчүн киберкоопсуздуктун негиздери боюнча тренинг өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар кибергигиенанын негиздери, киберкоркунучтардын актуалдуу түрлөрү жана интернетти, социалдык тармактарды жана электрондук почтаны коопсуз пайдалануу эрежелери менен таанышты. Жумуш ордунда киберкоопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлик санариптик кол салуу жана алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу үчүн бардык интернет-мейкиндик колдонуучуларды өз маалыматтарын коргоого жана негизги киберкоопсуздук эрежелерин жоопкерчилик менен сактоого чакырат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3223

Окшош жаңылыктар