Menu
Тренддер
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыз, Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнү өнүктүрүүдө, коомдук пикирди түзүүдө эң башкы орунда туруу менен улуттук маданияттын, каада-салттын, адеп-ахлактын, руханий жана интеллектуалдуу байлыктын жаратуучусу.
Сиздердин кесип - журналисттик профессионалдуулуктун ыкчам, калыс жана адилеттүүлүк принциптерин кармап, күчтүү мамлекетти курууга багытталган.
Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууда көрсөткөн маалыматтык колдооңуздар үчүн Сиздерге жана жалпы коомчулуктун көйгөйүнө күйгөн жарандарга терең ыраазычылык билдирем жана биздин тыгыз кызматташтык жаңы баскычтарга көтөрүлөт деп ишенем.
Чыгармачылык ишиңиздерди ийгилик жылоолоп, элибиздин эртеңки келечеги үчүн талыкпаган эмгегиңиз жемиштүү болсун! Ошондой эле, жаңы идеяларды жана долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууңузга тилектешпиз. Сиздерге чың ден-соолук, бак-таалай жана ийгилик каалайм!
Терең урматым менен,
Алмаз Бакетаев