Урматтуу каржы тармагынын күжүрмөн кызматкерлери!

Урматтуу каржы тармагынын күжүрмөн кызматкерлери!

Ардактуу кесиптештер!

Сиздерди  бүгүнкү  кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! 
Финансы - биздин экономиканын таянычы болуп саналат. 
Бул кесип жогорку квалификацияны гана эмес, ошондой эле өзгөчө сапаттарды - чыдамкайлыкты, чынчылдыкты, чон жоопкерчиликти жана тактыкты талап кылат.
Өлкөбүздүн экономикалык туруктуулугу, ишканалардын жана мекемелердин иштеши, өнүгүүсү үчүн бүгүнкү күндө финансисттерге тең салмактуу бюджетти түзүү, финансылык ресурстарды компетенттүү пландаштыруу, аны сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттин субъектилеринин жана муниципалитеттеринин экономикалык туруктуулугун, финансылык абалын көзөмөлдөө ар бир адистин натыйжалуу иштешине, коюлган милдеттерди билгичтик менен чече билүүсүнө жана жогорку иштиктүү сапаттарынан көз каранды. Мунун бардыгы республика үчүн чоң мааниге ээ. 
Урматтуу кесиптештер!
Финансы кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилеси, алдыга коюлган максаттарга умтула билүүсү, ишке болгон жоопкерчилиги жана күчтүү жарандык аң-сезиминин аркасында өлкөбүздүн финансы системасы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, каржы рыногун гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.
Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! 
Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Алтынай
1528