Урматтуу телерадио берүү тармагынын кызматкерлери!

Урматтуу телерадио берүү тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди өзүмдүн жана Финансы министрлигинин атынан бүгүнкү 8-декабрь кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Телеберүү тармагында эмгектенип, өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, экономикасын, ар кандай абалын ар тараптан чагылдырып, кыргыз телеберүүсүн өнүктүрүп келесиздер.  

Ишиңиздерде көптөгөн ийгиликтер болуп, дагы да өнүгүп-өсө бериңиздер.

Кыргыз телеберүүдө кызмат кылган жана анын түптөлүшүнө зор салымын кошкон ар бир инсанга бекем ден соолук,  узун өмүр, үй-бүлөңүздөр менен бактылуу өмүр сүрүүңүздөрдү каалайм.

Терең урматым менен, Алмаз Бакетаев

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2895