2023-жылы Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине 50 млн сом бөлүнгөн

2023-жылы Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине 50 млн сом бөлүнгөн

2022-жылда Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 1 млрд сом жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунан 300 млн сом акча каражаттары мамлекеттик заказчысы КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өз убагында бөлүнүп берилгендигин маалымдайбыз.

2023-жылдын 13-майына карата Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен  мамлекеттик заказчысынын билдирмелеринин негизинде өз убагында 50 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Алтынай
1669