Menu

БИШКЕКТЕ КЫЛМЫШТУУ ЖОЛ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ АДАЛДООГО ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ КЫЛМЫШТУУ ЖОЛ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ АДАЛДООГО ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгынын урматына “Евразия аймагында кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү” темасында регионалдык илимий-практикалык конференция өттү.
      Иш-чаранын ачылышына Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Евразиялык топко мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү, Евразия Тобунун Катчылыгы, Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борбору жана Эл аралык тармактык институттун (МСИ) жогорку окуу жайлары  катышышты.
       Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борборунун башкы директору Иван Уваров куттуктады. Ал куттуктоо сөзүндө: “Эки окуу иш-чарасынын тең негизги багыты – практикага жакындатуу, аталган багыттар боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу. Алынган билимдер укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинде колдонулуп, тиешелүү жыйынтыктарды жогорку натыйжалуулук менен камсыз кылуусу абдан маанилүү” экендигинин белгилеп өттү.
       Ошондой эле, Иван Уваров Кыргызстан Евразия Тобунун алкагында жаңы өз ара баалоо раундунан өтүп жаткан алгачкы мамлекеттердин бири экенин белгилеп,
Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борбору Кыргыз Республикасы менен кызматташууну артыкчылыктуу тармактардын бирине айлантып жатканын жана Финансылык чалгындоо системасынын  адистери үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлөрүн билдирди.
      Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борборунун жетекчилери тобокелдиктерди баалоону жүргүзүү боюнча “Жол картасына” кол коюшту.
         Конференцияда Евразия тобуна кирген өлкөлөрдүн натыйжалуу тажрыйбаларын улуттук кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системаларын чыңдоодо пайдаланууга негизги көңүл бурулат. Катышуучулар укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын илимий чөйрө жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү механизмдерин, ошондой эле региондогу финансылык коопсуздукту өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
     Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, университеттердин өкүлдөрү жана чет элдик эксперттер катышты.

       Конференция - Евразиялык топтун үчүнчү өз ара баалоо раундунун алдында ачык диалог, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтчага айланууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
692

Окшош жаңылыктар