Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АРАСЫНДА СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Министрликтин кызматкерлери арасында спорттук иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиев, финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М. Аманбаев жана Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Мелдештер футбол, волейбол жана армрестлинг (билек күрөшү) боюнча өтүп, активдүү жана кызыктуу өттү.
Футбол боюнча таймашка Министрликтин “Мыйзам”, “Отраслевики”, “Казна юнайтед”, “Киберкоопсуздук”, “Инком юнайтед”, “Инвест-1”, “Инвест-2”, “Инком Тайм” командалары катышты.
Волейбол боюнча кыз-келиндер арасында "Алга", "Казна", "Ынтымак" жана "Эркиндик" командалары өз ара күч сынашты.
Армрестлинг мелдешинде ар түрдүү салмак категориялары боюнча таймашып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлер арасында командалык духту жана достукту бекемдөө, ошондой эле спорт аркылуу активдүү жана дени сак жашоо образын жайылтуу болуп саналат.