Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ С. Н. ЖАПАРОВДУН КАТЫШУУСУНДА «БОРБОРДУК АЗИЯ – ЖАПОНИЯ» ДИАЛОГУНУН САММИТИ БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ С. Н. ЖАПАРОВДУН КАТЫШУУСУНДА «БОРБОРДУК АЗИЯ – ЖАПОНИЯ» ДИАЛОГУНУН САММИТИ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

2025-жылдын 19–20-декабрында Жапониянын Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда «Борбордук Азия – Жапония» диалогунун саммити болуп өттү.

Саммиттин негизги максаты саясий диалогду жана өнөктөштүктү бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, туруктуу өнүгүүнү колдоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, ошондой эле аймактык жана глобалдык чакырыктарга карата биргелешкен ыкмаларды координациялоо болду.

Саммиттин алкагында Кыргыз Республикасы менен Жапониянын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жетишилген макулдашуулар ырасталды. Тараптар транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоо, адамдык ресурстарды чыңдоо, ошондой эле Кыргыз–Жапон адамдык өнүгүү борбору (KRJC) аркылуу кызматташуу багыттарында бир катар маселелер боюнча макулдашууга келишти.

Бул макулдашуулар өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүгө багытталган стратегиялык демилгелерди мындан ары практикалык жүзөгө ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Саммиттин жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү келечекте кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1917

Окшош жаңылыктар