Кытайда Финансы министрлигинин биринчи презентациялык семинары жана келишимдик эмес Роуд-шоусу ийгиликтүү өткөрүлүүдө

Кытайда Финансы министрлигинин биринчи презентациялык семинары жана келишимдик эмес Роуд-шоусу ийгиликтүү өткөрүлүүдө

биринчи презентациялык семинары жана келишимдик эмес Роуд-шоу

Кыргыз Республикасы “Бир алкак-бир жол” демилгесин колдогон жана ага катышкан алгачкы өлкөлөрдүн бири катары Кытай менен экономикалык жана соода мамилелерин барган сайын тыгыз жүргүзүп келет  Жакында эле Финансы министрлиги Гонконгдо, Пекинде жана Шанхайда евробонддорду чыгарууга жана Кытайдын капитал рыногуна жайгаштырууга даярдыктын алкагында бир катар роуд-шоуларды (келишимдерди түзүүнү караштырбаган) өткөрүүдө. Иш-чара TF International Securities Group Limited и China CITIC Bank International Limited сыяктуу алдыңкы глобалдык координаторлор жана букраннерлер катары иш алып барган компаниялар менен биргеликте уюштурулган.

Аталган иш-чарага 50гө жакын алдыңкы инвестициялык фонддордун өкүлдөрү ошондой эле 100гө жакын катышуучу онлайн форматта катышышты. Роуд-шоунун алкагында эл аралык инвесторлордун жана финансы индустриясынын лидерлеринин кеңири чөйрөсүн  Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалына жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу кызыгуусун жаратты.

Иш – чарада Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Аманбаев Умутжан Моминович жана Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Абдыбапов Абданбек Абдыбапович чыгып сүйлөштү.

У.М. Аманбаев инвестордук презентация жасап, анда өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн, анын ичинде ИДПнын туруктуу өсүшүнүн динамикасын, мамлекеттик карыздын динамикаларын, консолидациялык бюджетти, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жакшыртуу, ошондой эле инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик финансыны чыңдоо жөнүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик финансылык реформалар тууралуу кеңири айтып берди.

Ошону менен катар ал өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада өсүп жаткан инвестициялык жагымдуулугун өзгөчө белгилеп, аны менен катар өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жаатында кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасады.

Кытай эл Республикасынын Финансылык кызматтар жана Гонконгдун казыначылыгы боюнча министрдин орун басары Чан Хо Лим өзүнүн ачылыш сөзүндө: “Кыргыз Республикасы “Бир алкак-бир жол” демилгесинин маанилүү өнөктөшү жана Гонконгдун Борбор Азиядагы негизги соода өнөктөшү. Мен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ыраазычылыгымды билдиргим келет жана Борбордук Азия менен Гонконгдун ортосундагы бекем байланыштарды бекемдөөгө болгон берилгендигиңизди баалайм. Биз Кыргыз Республикасы менен келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, бул биздин рынокторго пайда алып келет жана “Бир алкак-бир жол” демилгесин колдогон өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрөт.”-деп билдирди.

 

    Бул иш-чаралар эл аралык инвесторлор жана бизнес-коомчулук менен кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн көрсөтүүгө, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жана инвестициялар үчүн келечектүү багыттарды жакшыртууга багытталды. Роуд-шоулар Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы рынокторундагы позициясын бекемдөөдө ошондой эле, Кытай жана башка чет өлкөлүк инвесторлор менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүүдө маанилүү кадам болуп калат.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Ызаат
888