Menu
Тренддер
БУУНУН КЛИМАТ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА (COP29) ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ Ж.К.ДУЙШЕЕВА БАШТАГАН ДЕЛАГАЦИЯ КАТЫШУУДА
14-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун климат боюнча конференциясына (COP29) Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж.К.Дуйшеева баштаган атайын делагация катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж.К.Дуйшеева жана Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азиядагы туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча аймактык директору Самех Вахба мырза ачты. Андан тышкары эл аралык коомчулуктун, Дүйнөлүк банктын, БУУнун өнүктүрүү программаларынын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр катышты.
Иш-чаранынын жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана климаттык туруктуу долбоорлорду каржылоо үчүн жашыл инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Кыргызстандан барган делагация тарабынан Кыргыз Республикасында жашыл бюджеттөө жана жашыл долбоорлорго карыздарды алмашуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону күчөтүү жаатындагы өлкөнүн негизги демилгелери сунушталды. Аны менен катар министрликтин өкүлдөрү тарабынан жашыл каржылоо жаатындагы стратегиялык демилгелер талкууланды. Туруктуу экономикалык өнүгүүгө өтүүдө жашыл инструменттердин ролу өзгөчө баса белгиленди. Ошондой эле бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркировкалоо жана жашыл долбоорлорго карыздарды алмашуу механизми жөнүндө маалыматтар берилди.
Министрликтин делегациясынын презентацияларында бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жашыл чыгымдарды маркировкалоо жана аз көмүртектүү өсүшкө жана климаттык туруктуулукка өбөлгө түзүүчү экологиялык жооптуу долбоорлор сыяктуу жашыл финансылык инструменттерди киргизүү жана өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу кенен маалымат берилди.
Мындан тышкары, министрликтин делегациясынын презентацияларынын негизги аспектилеринин бири жашыл долбоорлорго карыздарды алмашуу механизмин сунуштоо болду. Бул ыкма өлкөнүн тышкы карызынын бир бөлүгүн жаратылышты үнөмдөөчү жана климаттык туруктуу демилгелерди ишке ашырууга багыттоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле карыз жүктөмүн азайтууга өбөлгө түзүү менен туруктуу өнүгүүгө өтүүнү тездетет. Жашыл долбоорлорго карыздарды алмашуу механизми климаттык чакырыктардын шарттарында улуттук экономиканы чыңдоонун жана жаратылыш ресурстарын коргоонун натыйжалуу куралы катары каралып жаткандыгы айтылды.
Жогорудагы маалыматтар эл аралык коомчулуктун кызыгуусун туудурду. Натыйжада, жашыл каржылоо жана карыздарды экологиялык долбоорлорго алмашуу жаатындагы демилгелерди колдоого кызыкдар потенциалдуу өнөктөштөр, финансылык институттар менен талкуулоого негиз болду.
COP29 иш-чарасына катышуу Кыргыз Республикасынын Глобалдык климаттык максаттарга умтулуусун тастыктайт жана туруктуу өнүгүүгө умтулуусун көрсөтөт.
4 сүрөттөр
0.00MB