Кыргыз Республикасында ЕАТ көчмө миссиясынын алдын ала жыйынтыктары чыгарылды
КРФМ
2026-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын 19-жыйыны болуп өттү. Жыйындын негизги маселеси ЕАТ баалоочулар тобунун эки жумалык көчмө миссиясынын жыйынтыкталышы жана отчеттун алдын ала долбоорун тааныштыруу болду.
Жыйындын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (КЖКЛ/ТК) жаатындагы тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча планды ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары жана кумар оюндары секторунда тобокелдиктерди баалоо маселелери каралды. Маанилүү окуя катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы №653 токтому менен Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча 2026–2030-жылдарга жаңы мамлекеттик стратегиянын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын кабыл алынышын белгилөөгө болот.
Мындан тышкары, Комиссия виртуалдык активдер жана ПУВА секторундагы тобокелдиктерди баалоо боюнча жыйынтыктоочу отчетту бир добуштан жактырды. Ошондой эле Финансылык көзөмөл кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрүнүн кумар оюндары жана банк секторлорундагы тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндамалары угулду.
ЕАТ миссиясынын отчетунун сунушталган долбоорунда КЖКЛ/ТК боюнча улуттук системанын учурдагы абалы объективдүү чагылдырылды. Кыргыз Республикасы өз ара баалоону экономиканы коргоо жана финансылык сектордун ачыктыгын жогорулатуу үчүн маанилүү инструмент катары карайт.
Мындан аркы кадамдардын алкагында КЖКЛ/ТК жаатындагы мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетко негизделген пикирлерди жана комментарийлерди даярдоо тапшырылды. 2027-жылдын жаз айларында өлкөнүн позицияларын «бетме-бет» форматында коргоо, ошондой эле 2027-жылдын май айында Ташкент шаарында өтө турган ЕАТ Пленардык жумалыгында отчетту акыркы талкуулоо күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасындагы ЕАТ көчмө миссиясы расмий түрдө аяктады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баалоо миссиясынын өкүлдөрүнө жемиштүү жана конструктивдүү иш алып баргандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
2 сүрөттөр
0.00MB