КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОЛЛЕГИЯ БОЛУП ӨТТҮ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОЛЛЕГИЯ БОЛУП ӨТТҮ

КР Финансы министрлигинде 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча министри А.Бакетаев жетектеген коллегия болуп өтүп, анда финансы министрлигин ведомстволук бөлүмдөрү да катышты. А.Бакетаев Финасы министрлигинин алдында коюлган пландардын так аткарылуусун жана белгиленген темптен басаңдатпай жоопкерчиликтүү иштөө керектигин баса белгиледи.

КР финансы министрлигин 2023-жылдын биринчи кварталында аткарылган пландары төмөнкүдөй.

КИРЕШЕ

2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 66,7 млрд сомду түздү. 109,7 пайыз ашыгы менен аткарылды.

Анын ичинде:

  • Салыктык кирешелер - 53,8 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. Такталган пландан 101,1%га ашыгы менен аткарылды;
  • Салыктык эмес түшүулөр -  11 млрд сомду түзүп, 183,2% га ашык аткарылды.

            Мамлекеттик инвестицияларды (ПГИ) эсепке алуу менен   расмий трансферттердин түшүүлөрү 1,9 млрд сомду түзуп,  пландын аткарылышы 119,2 %ды түздү.

БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТАР

Негизги бөлүктөр боюнча чыгымдардын структурасы:

  • жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат бөлүгү боюнча 24,4 млрд сом;
  • коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукка  13,1 млрд сом;
  • экономикалык маселелер боюнча7, 1 млрд сом.
  • айлана- чөйрөнү коргоого 337,4 млн сом.
  • турак жай жана коммуналдык кызматка 908,8 млн

          Социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма  салмагы  33,5%ды,  же 23,2 млрд сомду түздү.

 Алардын ичинен:

  • саламаттык сактоого – 1,7 млрд сом, 2022-жылга салыштырмалуу 719,8 млн сомго көбөйүү менен;
  • эс алуу, маданият, спорт жана дин тармагына 1,3 млрд сом. 539,4 млн сомго көбөйүү менен;
  • билим берүүгө15,2 млрд сом,  6 млрд сомго көбөйүү менен;
  • социалдык коргоого  – 4,9 млрд сом, 2022-жылга салыштырмалуу  1,2 млрд сомго көбөйүү менен болду.

МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫ  ТЕЙЛӨӨ

2023-жылдын январь – март  айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен  9 млрд сом бөлүнуп, анын ичинен:

  •  тышкы карыз боюнча = 6,1 млрд сом;
  •  ички карыз боюнча = 2,9 млрд сом.

2023-жылдын 1-кварталында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (ГКВ жана ГКО) КРдин республикалык бюджетине иш жүзүндө 3,01 млрд сом келип түшкөн.

Анын ичинен:

  • ГКВ жайгаштыруунун эсебинен –  10,8 млн. сом,
  • ГКО жайгаштыруунун эсебинен – 3 млрд сом келип түшкөн.

КРФМ

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2691