Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде 2026-жылдын 30-июнунда Финансы министрлигинде 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдарга I этап) аткарылышын камсыз кылуу максатында жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды Финансылык коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Нуржигит Маматовдун жетекчилиги алдында өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ташыбек уулу Нурсултан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери өз компетенциясынын алкагында алдыдагы үч айга каралган иш пландары тууралуу маалымат берип, сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын өкүлү мамлекеттик стратегияда каралган иш-чаралардын аткарылышына системалуу көзөмөл жүргүзүүнүн, иш пландарын сапаттуу аткарууну камсыз кылуунун, коррупцияга каршы иш-чараларды координациялоонун жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара натыйжалуу кызматташуусун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
6 сүрөттөр
0.00MB