Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИНДЕ КООМДУК УГУУЛАР БОЛУП ӨТТҮ
2024-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун алкагында саламаттык сактоо секторун каржылоо маселелери боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.
Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Иш-чара 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу учурунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулоонун уландысы катары уюштурулду.
Угуулардын жүрүшүндө өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан саламаттык сактоо секторундагы көйгөйлөр айтылып, кечиктирилгис көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу багыттарды каржылоону көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө сунуштар жана сунуштамалар берилди.
Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаев угуулардын жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо секторун каржылоону көбөйтүү максатында кошумча каражаттарды табуу жөнүндө тапшырма берди.