Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИНДЕ КООМДУК УГУУ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Талант Келдибековдун жетекчилиги астында 2025-жылга республикалык бюджеттин мамлекеттик бюджеттин түзүмүндө аткарылышы боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 669 475,9 млн.сомду түзүп, белгиленген 662 101,3 млн сом суммасындагы пландык тапшырма 101,1%га аткарылды.
2025-жылдагы мамлекеттик бюджеттин жыйынды чыгашалары иш жүзүндө 617 003,5 млн.сомду түзүп, мамлекеттик бюджет 52 472,4 млн сом суммасында профицит менен аткарылды. 2024-жылда профицит 37 650,7 млн.сом өлчөмүн түзгөн.
Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 611 874,4 млн.сом түзүп, 605 707,0 млн.сом суммасындагы план 101,1%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу кирешелер 47,4%га, же 194 341,4 млн сомго көбөйгөн.
Республикалык бюджеттин чыгашалары 560 487,7 млн.сомду түзүп, белгиленген 590 617,4 млн.сом суммасындагы план 95,0%га аткарылган. Бюджеттик каражаттар боюнча 98,0%га аткарылган.
Белгилей кетсек, жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджет 51 386,7 млн сом өлчөмүндө профицит менен аткарылган, бул бюджеттик саясаттын баланстуулугун жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкарууну чагылдырат.
4 сүрөттөр
0.00MB