ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

 

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү, милициянын подполковниги Рахим Самирович Абдылдаев, аталган бөлүмдүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги Каныбек Бакбергенович Куватпеков, Бишкек шаарынын “Аялзат” муниципалдык кризистик борборунун директору Мээрим Сыйдалиева жана Бишкек шаардык мэриясынын зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери жана алдын алуу чаралары тууралуу кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле зомбулукка кабылган жарандар үчүн укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү болду.

Катышуучуларга үй-бүлөлүк зомбулуктун белгилери, анын психологиялык жана укуктук таасири, жабырлануучулардын укуктары жана тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Ошондой эле кризистик борборлор аркылуу көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрү, алардын жеткиликтүүлүгү жана кызматташтык механизмдери тууралуу да сөз болду.

Бул иш-чара зомбулуктун алдын алуу багытында маалымат таратуу менен коомдо үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдөөгө, жарандардын укуктук сабаттуулугун арттырууга жана социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
663

Окшош жаңылыктар