Menu

Финансы министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү

Финансы министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү

КРФМ

Бүгүн, 2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министр Руслан Суйналиев менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрондун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕТӨФтүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл энергетика, суу менен камсыздоо, транспорттук инфраструктура жана социалдык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду. Анын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСине жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду мындан ары илгерилетүү маселелери каралды.

Министр Руслан Суйналиев өз сөзүндө Фонддун колдоосу менен өлкөдө бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын белгилеп, энергетика, инфраструктура жана мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү багыттарында кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле биргелешкен орто мөөнөттүү долбоорлордун портфелин түзүү өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу инвестициялык демилгелерин ишке ашырууда өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2114

Окшош жаңылыктар