Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ПОРТФЕЛДЕРИ БОЮНЧА ОБЗОРЛОР БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
2025-жылдын 24 жана 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2025-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын портфелдеринин кезектеги обзорлору болуп өттү.
Портфелдердин обзорлоруна финансы министринин орун басары Н.А.Акжолов, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, Дүйнөлүк банктын тобунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, башка министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Аталган обзорлордун жүрүшүндө мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун ишке ашырылышынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Портфелди кароонун негизги максаты – долбоорлорду ишке ашыруунун абалын комплекстүү баалоо, тартылган каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын аныктоо жана алардын ишке ашырылышынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды иштеп чыгуу болуп саналат.
3 сүрөттөр
0.00MB