Menu

Финансы министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өттү

Финансы министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өттү

КРФМ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде борбордук аппараттын жана ведомстволук мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев төрагалык кылуусунда өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ташыбек уулу Нурсултан катышты.

Кеңешмени ачып жатып министр мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принциптерин кармануу мамлекеттик органдын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ошондой эле коррупциянын алдын алуу ар бир кызматкердин туруктуу көңүл буруусун жана активдүү катышуусун талап кылаары айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле бул багытта Финансы министрлиги менен ыйгарым укуктуу органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоо маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Ташыбек уулу Нурсултан коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды мындан ары да күчөтүүнүн жана жамаатта коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата чыдамсыз мамилени калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында министрликтин кызматкерлерине коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга активдүү катышуу, ошондой эле документтердин долбоорлорун, демилгелерди жана чечимдерди кароодо жана макулдашууда коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен тыгыз кызматташуу сунушталды. Бул коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана алдын алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өз ишмердүүлүгүндө ачыктык, отчеттуулук жана мыйзамдуулук принциптерин бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди мындан ары да улантат.
#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
892

Окшош жаңылыктар