МОСКВАДА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ПЛАНДАЛГАН ОБЛИГАЦИЯЛАРЫНЫН ЧЫГАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ПРЕЗЕНТАЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

МОСКВАДА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ПЛАНДАЛГАН ОБЛИГАЦИЯЛАРЫНЫН ЧЫГАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ПРЕЗЕНТАЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

КР Финансы министринин орун басары У. Аманбаев Москвада россиялык ири институционалдык инвесторлорго Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндөгү негизги макроэкономикалык тенденциялары жана бюджеттик саясатты тууралуу баяндама жасады.

 

Министрдин орун басары бюджеттин киреше базасын көбөйтүү чараларына токтолуп, жакынкы жылдарга мамлекеттик бюджеттин профицитинин болжолу менен тааныштырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин карызды кыскартуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Иш-чарага катышкан россиялык алдыңкы институционалдык инвесторлору, ири банктардын, фонддордун жана башкаруучу компаниялардын өкүлдөрү облигациялардын чыгарылышына активдүү кызыгууларын арттырып,  суроо-жооп талкуусуна жигердүү катышты.

Пландаштырылган эмиссиялардын уникалдуулугу - алар каржылоо булактарын диверсификациялоо жана инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргыз фондулук биржасында ар кандай валютадагы мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу үчүн шарт түзөт.

 


 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
917