“БАТКЕН ОБЛУСУН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО 2” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 86,1 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

“БАТКЕН ОБЛУСУН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО 2” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 86,1 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-ттескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

 

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350,0 млн сомду түзүүдө. 2023-жылдын 26-октябрына карата бул Долбоордун алкагында Баткен облусунун 98 ишкердик субъекттерине 86,1 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
1085